Элчи Бешимов Непалдын тышкы иштер министри Нараян Кажи Шрестха менен жолугушту

Өлкөнүн Непалдагы элчиси Аскар Бешимов Непалдын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Нараян Кажи Шрестха менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Непалдын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланган. Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди чыңдоодо, ошондой эле туризм, жеңил өнөр жай жана айыл чарба тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, студенттерди жана кадрдык ресурстарды тартууда активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.

Ошондой эле өзгөчө көңүл эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүүгө, эки өлкө ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана БУУ тутумунун шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүүгө бурулган.

Жылуу жана достук кырдаалда өткөн сүйлөшүүдө тараптар кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча ишти активдештирүү жана тездетүү боюнча макулдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан