SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Италияда окуп жаткан Алтынай Эрнис кызы болмокчу. Ал 2002-жылы 1-январда Нарын шаарында төрөлгөн. Учурда Италияда бизнес жана экономика тармагында билим алып жаткан кези. Ал эми биз Алтынайдын окуусуна, ал жактагы билим алуунун өзгөчөлүктөрүнө кызыгып суроолорго жооп алып, маектештик.
- Алтынай, саламатсыңбы? Биринчи өзүң жөнүндө, алгачкы билим уяң тууралуу айтып өтсөң...
- Саламатсыздарбы! Мен Нарын шаарындагы №2 Валерия Павлович Чкалов атындагы орто мектеп гимназиясын бүтүргөм. Мектеп учурунда чет тилдерге аябай кызыккандыктан англис, немис жана кытай тилдерин окуп баштагам. Мектеп убагында чет тилдер аркылуу көптөгөн долбоорлорго катышып Казакстан, Германия, Кытайга барганга мүмкүнчүлүктөр болгон.
Азыркы учурда Италияда University of Cassino and Southern Lazio университетинде бизнес жана экономика тармагында 2-курста билим алып жатам. Окуум толук гранттык негизде жана жылына 7600 евро стипендия алам.
- Эң сонун, ал жакка кантип окууга тапшырып калдың?
- Италияга бакалаврга тапшырыш үчүн 12 жылдык билим талап кылынат. Бизде 11 жыл гана окутулат, ошон үчүн дагы кошумча Жогорку окуу жайда бир жыл окуп, Италияга бакалаврга тапшырса болот. Мен убагында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окуп жүргөндө тапшырып баштагам.
- Эмне үчүн Италияны тандап алдың, сени кызыктырган эмне болду?
- Мектепте окуп жүргөндө Германияга тапшырам деп пландап жүргөм жана убагында окууга өтүп, бирок пандемия башталып калгандыктан бара албай калгам. Бирок варианттардын арасында Италия дагы бар болчу. Мага англис тилинде, гранттык негизде окуу өтө маанилүү болгондуктан Италияны тандагам. Ошондой эле Европада көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экени баарыбызга эле белгилүү болсо керек. Айрыкча мага Италиянын жашоо темпи жагат. Башында бир аз аралаша албай жүргөм, бирок азыр жакшы көнүп калдым. Италиялыктардай жашоонун кооздугун байкап, ар бир учурду баалап жашаганды үйрөндүм десем болот (күлүп). Ошондой эле тамактары дагы жагат, чыныгы Италиянын пиццасы аябай даамдуу, жумасына 3-4 жолу жеп турам.
- Сен сыяктуу чет өлкөгө окууну каалаган окуучуларга, окууну бүтүп жаткандарга кандай кеңеш берет элең? Ал жакка окууга өтүүнүн жол-жобосу менен бөлүшүп өтсөң…
- Чет өлкөгө окууну каалаган окуучуларга, биринчиден, өзүңөргө жаккан кесипти тандоо маанилүү экендигин айта кетмекчимин. Албетте, замандын талабына дагы караш керек, бирок көпчүлүккө карап же тренд деп өзүнө жакпаган кесипти тандоо туура эмес деп ойлойм. Алгач кандай таланттарым бар, эмнеге кызыгам, колумдан эмне жакшы келет, келечекте адамзат үчүн кандай из калтыргым келет жана башка ушундай суроолорду өзүнө берип көрүү маанилүү. Андан соң чет өлкөгө даяданууну колдон келишинче эртерээк баштоо зарыл. Чет тилдерин эртерээк окуп баштап, "TOEFL", "IELTS" деген эл аралык тил экзамендерин тапшырып көрүү керек. Ошондой эле университеттердин жаңылыктарын калтырбай карап турганы жакшы. Жогоруда айтып кеткендей, Италиянын ЖОЖдоруна бакалаврга тапшыруу үчүн 12 жылдык билим талап кылынат. Foundation программасы аркылуу 11-класстан кийин тапшырып келсе болот, бирок грант жана стипендия берилбейт, акылуу окуш керек. Же болбосо Кыргызстандын ЖОЖдорунда 1 жыл окуп, бул жакка тапшырса болот. Ошондой эле чөйрөгө маани берүү, дайыма жаныңарда силерди алдыга умтулдурган, өнүгүп турган, максатыңар окшош адамдардын арасында жүрүү өтө маанилүү деп эсептейм.
- Эми айта кетсең, Италиянын эли, каада-салты, маданиятты кандай экен? Биз ушул нерсени үйрөнүшүбүз керек экен деген нерселер болдубу?
- Италия эли өз маданиятын, каада-салттарын өтө баалаган эл деп айта алам. Өзүмдүн тажрыйбама таянып айтсам, эмоцияларын жашырбаган жесттер аркылуу баарлашкан эл экен. Дайыма жылмайып учурашып турушат. Азыркы учурда италиялык кыз менен жашайм, өтө колу ачык дайыма ар кандай тамактарды жасап, ооз тийип кет деп турат. Мен дагы кыргыз тамактарын жасап, коноктоп турам. Бул жактагы адамдар үй-бүлөлөрү менен көп убакыт өткөзүшөт, кайда барса дагы дайыма балдарын же балдары ата-энесин жанына алып жүрөт, чогуу саякаттап, чогуу тамактанып турушкандарын байкайсың. Менимче, ушул нерсени биз дагы адатка айландырсак жакшы болот деген ойдомун.
- Саякаттаганды жакшы көрсөң керек, Италиядагы сага жакшы эмоция калтырган жерлерди айтып берсең.
- Ооба, саякаттаганды жакшы көрөм. Ар бир саякат унутулгус сезимдерди калтырат эмеспи. Италиянын 15тен ашык шаарларында болуптурмун. Чоң шаарларга туристтер көп келгендиктен мага кичинекей тынч шаарлар жагат. Мага жаккан шаарлардын бири бул Неаполдон 100 чакырым алыста жайгашкан Гаэта шаары. Гаэтанын аскаларынан Тиррен деңизине эң кооз көрүнүш ачылат. Бийиктикте отуруп деңиздин толкундарын угуу мага өзгөчө эмоцияларды жана жан дүйнөмө кандайдыр бир тынчтык алып келет. Деңиздин жээгинде батперек учурган жагат. Шаар тургундары дагы өтө жөнөкөй жана меймандос келишет, комплименттерди аяшпайт (күлүп).
Жакында Европадан сырткары Бириккен Араб Эмиратынын борбору Абу-Даби шаарына дагы саякаттап келдим. Тазалык, кооздук, коопсуздугуна аябай таасирлендим. Чындыгында, таң калтырчуу жерлери аябай көп экен.
- Башка мамлекетте иштеп, окуп жүргөндө өз өлкөңө, ата-энеңе деген сагынуу кошо жүрөт, сенде кандай?
- Албетте, сагынам, ата-энем, бир туугандарым менен бат-баттан чалып сүйлөшүп, кабар алып турганга аракет кылам. Кээде күндөлүгүмө эмоциаларымды жашырбай жазып ыйлап алганда жеңилдеп калам. Ошондой эле мындай учурларда бул жактагы досторумдун колдоп турганына ыраазымын. Каникул сайын барып турганга аракет кылам.
- Алдыдагы пландарды кээ бир адамдар айтпаса, кээ бири бөлүшкөндү жакшы көрөт, буюрса, окууңду бүткөндө эмне кылайын деп турасың?
- Окууну аяктаган соң Кыргызстанга барып дагы башка чет мамлекетте магистратурага тапшыруу пландарым бар. Билимимди жогорулатып, өз кесибимдин мыкты адиси болгум келет. Менин эң башкы максатым - өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу. Азыр окуудан сырткары англис тил курстарында сабак берем, 3 жылдан бери окуучуларымдын арасынан чет өлкөгө окууга тапшырып, эл аралык компанияларга англис тили аркылуу жумушка орношкондор дагы бар. Негизи жеке ишимди өнүктүрүү деген пландар бар.
- Азаматсың! Билимге умтулган кыз сөзсүз түрдө көп китеп окуса керек. Сен таасирленген китептер менен бөлүшүп өтсөң, негизи эле кандай китептерди көп окуйсуң?
- Китеп окуу жакшы көргөн хоббилеримдин бири. Китепке болгон кызыгуума апам себепчи болгон, ошол күн азыркы күнгө чейин эсимде, апам мени шаарыбыздагы чоң китепканага алып барып жаздырган. Ал жактан апам менен бирге китеп тандап окуганбыз. Азыр болсо бир маалда бир эле китепти окубай, 2-3 китеп окуган жагат. Негизи диний, психологияга байланыштуу китептерди көп окуйт экенмин. Кыргызстанда өзүмдүн чакан китепканам бар. Эң таасирленген китептердин бири - бул Улуу пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр баяны. Чубак ажы Жалиловдун “Бактылуулук формуласы”, ошондой эле Жон Кехонун “Подсознание может всё” , «Atomic Habits”, “Who moved my cheese” деген китептерден өзгөчө таасирлендим.
- Маек үчүн чоң рахмат, максаттарың орундалсын, окууңду ийгиликтүү бүтүп ал.