Боомдо 4 күн бою жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Билдиргендей, таш кулатуу иштери 20-майдан 24-майга чейин күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул учурда Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. Ал эми жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен жүрөт.
Аталган мамлекеттик ишкана айдоочуларды жана жургүнчүлөрдү каттамын алдын ала пландап алуусу керектигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан