Өзбекстанда аюу айылга кирип келип, адамдарга кол салды (видео)

Коңшу Өзбекстандын Сарыасий районундагы жапайы аюу турак жайлардын жана мектептин аймагына кирип, милиция кызматкерин жарадар кылган. Мектеп окуучуларынын өмүрүнө коркунуч туудургандыктан жаныбар атылганын Өзбекстандын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги билдирди.

"Жаныбар турак жайлардын аймагына кирип, адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан. Аны жаратылышка айдоо учурунда жырткыч №74 мектептин аймагына кирип кеткен. Аюу агрессивдүү болуп, мектеп окуучуларынын өмүрүнө коркунуч жараткандыктан, ыкчам чара көрүү талап кылынып, жырткыч атып өлтүрүлгөн. Аюу кол салган милиция кызматкери учурда медициналык кароодон өтүп жатат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Аюнун аталган райондо агрессивдүү болуп жүргөн видеосу социалдык тармактарга тарады.

Өзбекстанда аюу адамдарга кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан