Биз социалдык тармакта

Өлкөгө аткезчилик жол менен кирген 72 миллион сомдук дары-дармектер аныкталды

Бажы кызматы аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектерди аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-майда "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайынан Өзбекстандын жараны К.Н.нын башкаруусундагы LABO LB2 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

"Токтотулган унааны текшерүүдө жалпы салмагы 469 килограммды түзгөн дары-дармектер үчүн транспорттук коштомо кагаз табылган. Бирок жүк ташуучу унаада эч кандай товар табылган эмес. Айдоочунун айтымында, жүктүн ээлери бажы көзөмөлүнүн аймагына чейин жүктү түшүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Аныктоо иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган 1340 таңгактагы жалпы салмагы 427 килограммды түзгөн дары-дармектер кыргыз-өзбек чек арасынын чыга турган аймагынан табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 72 миллион 25 миң сом болорун Соода-өнөр жай палатасы аныктап берген.

Ошондой эле Бажы кызматы чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан