Жүрөк ооруйт! Бразилияда селден качкан жылкы бир нече күн бою сарайдын чатырында турган. Ага президент реакция кылды (видео)

Бразилиянын Рио-Гранди-ду-Сул штатында өзгөчө кырдаалдар кызматы селден улам сарайдын чатырына чыгып алган атты куткарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жылкы суу каптаган аймакты текшерүү учурунда байкалган. Социалдык тармактарда жылкынын видеосу жана сүрөттөрү тараган. Колдонуучулар ага Карамело деген каймана ат коюшкан. Аттын куткарылышы түз эфирде көрсөтүлдү. Операциянын ийгиликтүү аяктаганына Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва реакция кылган. Анын жубайы Розангела Х социалдык тармагына күйөөсүнө Карамело тууралуу сүйүнчүнү айткан видеону жарыялаган.

Бразилиянын түштүгүндөгү суу ташкынынан кеминде 107 адам каза тапты, дагы 136 адам дайынсыз болууда. 230 миңдей тургун эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан