Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылганын билдирди.
Ал өзүнүн Facebook баракчасына "УКМКга чакырган экен, келип калдык. Бирок бийликти басып алганга аракет кылган жокмун" деген кыска билдирүү калтырган.
Эске салсак, Орозайым Нарматова "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайланып келген. 2022-жылы 20-январда Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому мыйзамсыз деген негиз менен БШК анын мандатын жокко чыгарган.
Нарматова Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган.