Ырчы Ильяз Абдыразаков төртүнчү ирет ата статусуна ээ болуп, уулдуу болду. Жубайы Медина кечээ, 15-майда көз жарган. Ырчы мырзага социалдык тармактан жакындары куттуктоолорун калтырышкан.
«Төртүнчү жолу ата болуп кубанып турам. Эне-баланын абалы жакшы», - деген Ильяз Абдыразаков.
Белгилей кетсек, ырчы мырза жубайы менен эки уул, бир кызды тарбиялап келишкен.