Орозайым Нарматова УКМКдагы сурактан чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылган мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова сурактан чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Баары жакшы. “ Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары боюнча күбө катары маектешүү болду. Алгач толкундануу болуп жаткан, анткени мурда тергөөдө күбө катары чакырылгандагы мамиле жаман маанай калтырган эле. Азыркы тергөөчүнүн мамилеси, комитеттин өкүлдөрү баары жакшы. Элге ачык болуу керек жана мен эл алдында жакшы да, жаман да мамилени тартынбай айтам. Өзүм карапайым үй-бүлөдөн чыккандыктан менин коргоочум да, колдоочум да, сындоочум да эл. Жалпы санаалаштарга, пикирлештерге ыраазычылык", - деп жазды Нарматова.

Мурдагы саясатчы суракка жактоочусу менен чогуу барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан