Шакиевдин Австриядагы расмий сапары башталды

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Австрия Республикасындагы расмий сапары башталды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач төрага баштаган делегацияны Вена шаарындагы парламент сарайында Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка тосуп алды.

Андан соң Шакиев парламенттин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Делегациянын курамында депутаттар Элдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Кошумчалай кетсек, Вена шаарындагы тарыхый жайлардын бири саналган парламент сарайы 1874-1883-жылдар аралыгында курулган. 1918-жылдан бери Австриянын Улуттук жана Федералдык Кеңештери жайгашкан. Жалпы аянты 13 миң 500 чарчы метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан