Шакиев Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Австриянын Улуттук Кеңешинин төрагасы Вольфганг Соботка менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Австрия мамлекетинин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Шакиев Кыргызстан айыл чарба, энергетика, туризм, билим берүү, транспорт, санариптештирүү өңдүү тармактар боюнча Австрия мамлекети менен кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Вольфганг Соботка калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жаатында Австрия заманбап тажрыйбага ээ экенин билдирип, бул жаатта кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалады. Муну менен катар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытында да тажрыйба алмашуу маселесин көтөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан