Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишканага жүктөөчүлөр жана айдоочулар керек. Айлык жумушуна жараша эсептелет. Орточо 35-45 миң сомду түзөт. Иштөө убактысы 7 саат.
"Урматтуу жумуш издөөчүлөр! Бардык суроолор боюнча: Ростовская көчөсү, 19Б дарегине жана 0502 020 003 номерин кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.