Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолу сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 16-майда Кара-Сууда саат 21:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 56-58-чакырым аралыктарында сел жүргөн.
Ага ылайык, сел калдыктарынан тазалоо иштерин координациялоо үчүн ӨКМдин ыкчам тобу жана грейдер тартылып, жол толук тазаланды. Жабыркагандар жок.