Франция Жаңы Каледонияга аскерлерин жиберди

Аралдардагы шайлоо мыйзамына каршы чыккан тополоңдордон улам Франция Жаңы Каледонияга аскер жиберди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Жаңы Каледониядагы толкундоолор француз парламенти жергиликтүү мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоонун тартибин өзгөртүү боюнча мыйзамды кабыл алгандан кийин башталган. Шаршемби күнү жыйынтыкталган өзгөртүүлөргө ылайык, Жаңы Каледонияда 10 жылдан бери жашаган француз тургундарына добуш берүү укугу берилет.

Бул Жаңы Каледониянын жергиликтүү калкы болгон көптөгөн канактардын кыжырын келтирди, алар эми өздөрүнүн саясий таасири азаят деп кооптонушууда.

Жаңы Каледонияда үчүнчү түнү болгон башаламандыктан төрт адам, анын ичинде үч жергиликтүү тургун жана бир полиция кызматкери набыт болду. Полиция үч муниципалитетте, анын ичинде борбору Нумеада 5000 тополоңчуларга каршы турууга аргасыз болду.

16-майга карата полиция 200дөн ашуун адамды камакка алган. Франция 15-майда таңкы саат 5:00дөн баштап Жаңы Каледонияда өзгөчө кырдаал жарыялап, жергиликтүү бийликке аралда чогулуштарга жана кыймылга тыюу салууга кошумча ыйгарым укуктарды берди. Ага карабастан митингчилер демонстрацияны токтотушкан жок.

12 күнгө өзгөчө кырдаал жарыяланып, бийлик Кытайдын TikTok социалдык тармагына чектөө киргизди. Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин дүкөндөр тонолгонун жана коомдук имараттар өрттөлгөнүн, жүздөгөн адамдар, анын ичинде 100дөй полиция жарадар болгонун билдирди.

Жаңы Каледониянын калкы болжол менен 300 миң адамды түзөт, анын ичинен түпкүлүктүү канактар (меланезиялыктар) ​​40 пайызга жакынын, же 112 миң адамды түзөт.

Азыркы толкундоолор 1980-жылдардан берки эң олуттуу толкундоолор. Ошол кездердеги нааразылык толкуну 1998-жылы Нумеа келишимин түзүү менен токтотулган. Ага ылайык, Франция аймактын саясий автономиясын кеңейтүүгө жана жергиликтүү шайлоолордо ошол кезде Жаңы Каледонияда жашагандарга гана добуш берүүгө макул болгон. Андан бери 40 миңден ашуун француз жараны Жаңы Каледонияга көчүп келип, азыр добуш берүү укугун талап кылууда.

Маалымат үчүн: Жаңы Каледония – Франциянын ээлиги (колониясы). Тынч океандын түштүк-батышындагы ондогон аралдарда жайгашкан Франциянын океандагы аймагы. Расмий тили француз тили. Административдик борбору Нумеа шаары.

Ээликти Франция өкмөтү дайындаган жогорку комиссар башкарат. 1853-жылы Франция ээлиги деп жарыяланган. Мурда сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланылган. 1946-жылы Франциянын "деңиздеги алыскы аймагы" деген статус алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан