Биз социалдык тармакта

Ошто Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу жабылды (видео)

Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 259-261-чакырымдар аралыгында дарыянын деңгээли жогорулап, жолго чыккан суу каттам үчүн кыйынчылык жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда жол убактылуу жабык. Жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.

Ошондой эле Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 55-59-чакырымдар аралыгындагы сел түшкөн жерлер тазаланып, каттам толук жанданды.

"Ал эми 134-135-чакырымдар аралыгында да суунун нугун буруу, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде каттам бар", - деп айтылат маалыматта.

17.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан