Аксы районундагы Кезарт айылында таңкы саат 05:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Кара-Жыгач-Кызыл-Көл унаа жолунун 6-чакырымында сел жүрдү. Бул маалыматты ӨКМ билдирди.
Билдирүүгө ылайык, анын кесепетинен унаа жол кум шагылга толуп, жол каттамы жабылган.
Жерине унаа жолду тазалоого жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтарынан 5 кызматкер, 1 инженердик техника тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.