Биз социалдык тармакта

Борбордогу автобекеттерде мыйзамсыз сатылган жерлер мамлекетке кайтарылат

Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Бул тууралуу кечээ, 16-майда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык баракчасына бөлүштү.

Ал белгилегендей, автобекеттер шаардын сыртына чыгарылат.

“Бул демилге калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында ишке ашырылууда. Автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары ремонттолбой эскирип баштаган. Эски автобекеттер толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат”, - деп билдирген Туманбаев.

Борбордогу автобекеттерде мыйзамсыз сатылган жерлер мамлекетке кайтарылат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан