Бишкектеги Свердлов округунда кайра шайлоо өтмөй болду

Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кайра шайлоо 30-июнга дайындалып, БШКга шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 15-майдагы отурумда президентке Свердлов округунда парламент депутаттыгына кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштаган.

БШК 7-майдагы отурумда Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Анда мындай чечим соттордун чечимдерин аткаруу максатында кабыл алынганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан