Бүгүн, 17 –майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 71 жашка толот. Туулган күнүн кандай өткөрө тургандыгын CentralAsia редакциясы өлкө башчысынын маалымат кызматына көрсөтмө берүү аркылуу жазды.
Маалымдалгандай, Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Уали өлкө башчысы туулган күнүн мурдагыдай эле белгилебей тургандыгын айтып, бул күн Токаев үчүн жөнөкөй жумушчу күндөрдүн катарында экендигин кошумчалаган.
“Касым-Жомарт Токаев өз жумуш ордунда, катардагы күндөрдөй эле өткөрөт. Даталуу күнгө байланыштуу иш-чаралар пландалган эмес. Кызматкерлерге куттуктоодон кармануу айтылган”, - деп жооп берген Берик Уали.
Өткөн жылы да Казакстандын президенти 17-майды кадимки жумушчу күн катары тоскондугу кошумчаланган маалыматта.