Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында бир нече күндөн бери нөшөрлөгөн жамгыр жаап, көчөлөрүн суу каптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 3,5 айлык нормадагы жаан жаагандыгы белгиленүүдө.
“Темир жолдун астындагы унаа туннелдеринде көп көлөмдөгү суу топтолгон. Шаардын айрым көчөлөрүндө коммуналдык кызматтар тарабынан атайын техникалар сууну сордурууда”, - деп айтылат маалыматта.
Басылмалардын маалыматы боюнча, Түркмөнстанда нөшөрлөгөн жамгыр кеминде 19-майга чейин уланат.