Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда "Газпром Кыргызстан" мекемесинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө тээгин алмаштырууга жана жер астындагы газдын агышын жоюуга байланыштуу 20-майдан 23-майга чейин болбойт.

"Жаратылыш газы Мамлекеттик каттоо кызматы-1, Васильевский тракт, Чоң Чүй каналы, Юбилейная көчөсү, Пригородное айылы, Маевка айылы, Жаш Гвардия көчөсү, Киргизская көчөсү, Коллекторная көчөсү, Саадаева көчөсү, Новая көчөсү, Советский, ӨКМ, Жеңиш, Алтын-Бешик конуштарында убактылуу газ берилбейт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам мекеме түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан