Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын орун басары менен жолукту

Бүгүн, 17-майда президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын орун басары - терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Садыр Жапаров Кыргызстан БУУ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен экстремизмдин алдын алуу жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле алар менен байланышкан, анын ичинде баңги аткезчилиги, арам акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу транс чек аралык кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы турууда ийгиликтүү кызматташып жаткандыгын белгиледи.

Өлкө башчысы 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программасы кабыл алынганын канааттануу менен белгилеп, 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Владимир Воронков БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүүгө байланыштуу өлкөнүн бул орунду алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын БУУнун институттары жана түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле кадрларды даярдоо жана БУУнун институттарында кыргызстандык жаш адистер үчүн стажировкаларды уюштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүү маселесин кароону сунуштады.

Мындан тышкары Владимир Воронков Кыргызстанда контртеррористтик күн тартибин илгерилетүү үчүн күчтүү мыйзамдык база түзүлгөнүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан