Эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков Таласта дыйканчылык кылып, кулпунай эгип, түшүмүн ала баштады. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Былтыр жайында бир иш баштап жатам деп айткам. Ошол иштин жыйынтыгын көрсөтөйүн. Кулпунай эккенбиз, азыр, буюрса, бышып баштады. Биринчи теримдери болуп жатат", - деди Мирбек Иманбеков.
Ошондой эле ырчы ага колдоо көрсөтүп, жардам бергендерге ыраазычылыгын айтты.