Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев: "Кара-Сууда эл аралык талапка жооп берген стадион курулат"

Кечээ, 16-майда УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунун азыркы абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалым болгондой, Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскилиги жетип, талкаланган бул стадионду толугу менен эл аралык талаптарга жооп берген стадион кылып, кайра жаңылоо тапшырмасын койду.

"Ошондой эле ал иштин жүрүшүн жана каржылык маселелерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте өз көзөмөлүнө алып, чечерин белгиледи.

Стадионду куруу иштери жакынкы мезгилде башталат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан