Депутаттар Дубайдагы Synergy университетине барышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы, Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, эл өкүлдөрү Москванын финансы-өнөр жай университетинин филиалы болгон Дубайдагы Synergy университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Депутаттар окуу процесси, техникалык жабдуулар жана окуу материалдары менен таанышты. Ошондой эле жолугушууда Дубай шаарындагы университеттер менен Кыргызстандын ортосунда кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан