"Манчестер Юнайтеддин" күйөрманы Очирваан Батболд Монголиянын Улан-Батор шаарынан "Олд Траффорд" стадионун көрүү үчүн велосипед менен Англияга келди. Бул тууралуу Англия Премьер-Лигасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал 14 миң чакырым аралыкты басып өтүп, Манчестерге 2024-жылдын апрель айында келген. 2023-жылдын жазында Улан-Батордон кетээр алдында Батболд клубга кат жазып, велосипед менен чыкканын билдирген. Келгенден кийин күйөрман бир нече оюнга чакырылып, "Олд Траффорд" командасынын стадионуна экскурсия кылган. Ага экскрусия маалында анын кумири Уэйн Руни күтүүсүздөн чыккан. Көргөн көзүнө ишенбеген күйөрман эмоциясын жашыра албай ыйлап жиберди.
Премьер-Лиганын 37-турунан кийин "Манчестер Юнайтед" 57 упай топтоп, турнирдик таблицада сегизинчи орунда келе жатат.