Жергиликтүү тургундарды сабаган чет элдиктерден өч алуу үчүн Бишкектеги 7-Апрель көчөсүнө чогулган жүздөгөн эл таң атпай тарады.
Учурда милиция кызматкерлери аталган аймакта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин саат 05:45ке карата чогулган элдер тарады.