Бишкекте жергиликтүү тургундарды сабоого шектелип кармалган чет элдик студенттер милиция имаратынын ичинен кечирим сураган видео тарады.
Алар кыргыз элинен кечирим сурап, "ушундай болуп кеткенине өкүнүп жатабыз, сөз беребиз, экинчи кайталанбайт" дешти.
Буга чейин чет элдик студенттер Бишкекте жергиликтүү тургундарды сабап салгандагы видео социалдык тармактарга тараган. Андан кийин кечээ, 17-май күнү кечинде Бишкектеги 7-апрель көчөсүнө миңдей адам чогулган. Чогулгандар таңга жуук гана Бишкек ШИИББдин башчысы менен сүйлөшкөндөн кийин тарашты.