Камчыбек Ташиев түндө Бишкекте чогулгандардын арасында куралчан адамдар дагы болгонун айтты

Түндө Бишкекте чогулган дамдардын арасында куралчан адамдар дагы болгон жана алар кармалды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда айтты.

"Кечээки чыккан адамдардын койгон талаптары туура деп эсептейбиз, бирок коомдук тартипти бузуу же мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтирүү маселелери карала турган болсо анда чаралар көрүлөт. Кечээ мамлекет тарабынан бул адамдарга эч кандай чаралар көрүлгөн жок. Себеби биз көрүп жаттык, алардын ичинде эч кандай бир жаман ойлору болгон жок. Алар бир гана ушул талапты коюп жатты.

Бирок кээ бир провокаторлор бар экенин билебиз, аларды тактап бүттүк. Аларды жоопко тартабыз. Кечээки жүргөндөрдүн ичинде куралчан адамдар дагы болду. Аларды дагы кармадык, аларды жоопко тартабыз", - деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев билдирүү жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан