Бишкекте жергиликтүү тургундарды сабоого шектелип кармалган чет элдик жарандар Кыргызстандын мыйзамы менен соттолот. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев чогулгандар менен сүйлөшүү учурунда айтты.
"Мыйзам боюнча кармалган жарандар биздин мыйзам боюнча соттолот. Андан кийин депортация маселеси чечилет. Биринчи жоопкерчилигин караш керек. Бул кылмыш Бишкек шаарынын аймагында болуп, иш козголду. Ошого жараша сот органдары карайт", - деди Токтоналиев.
Буга чейин чет элдик студенттер Бишкекте жергиликтүү тургундарды сабап салгандагы видео социалдык тармактарга тараган. Андан кийин кечээ, 17-май күнү кечинде Бишкектеги 7-Апрель көчөсүнө миңдей адам чогулган. Чогулгандар таңга жуук гана Бишкек ШИИББдин башчысы менен сүйлөшкөндөн кийин тарашты.