Алымкадыр Бейшеналиев жаагы сынган пакистандык жаранга барды

17-майдан 18-майга караган түнү "Тез жардам" кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.
"12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.
18-майда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды", - деп билдиришти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан