Ооганстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Бамиян провинциясында испаниялык үч жаран жана бир жергиликтүү тургун автоматтын огунан каза тапты. Дагы бир нече киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Европанын тышкы аракет кызматы Ооганстанда чет элдик туристтер тобуна кол салуудан кийин билдирүү таратты.
"Биз Ооганстандын Бамиян шаарына келген чет элдик туристтердин тобуна жасалган куралдуу кол салууну катуу айыптайбыз. Биздин оюбуз кол салууда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрү жана жакындары менен", - деп жазылды андагы билдирүүдө.
Өз кезегинде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес бул окуя аны катуу таң калтырганын жана тынчсызданып жатканын социалдык тармакка жазды.
Кечээ, 17-май күнү эртең менен Талибандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Матин Кани кол салууда дагы төрт чет элдик жана үч ооган жаракат алганын билдирген, бирок каза болгондордун улутун тактаган жок.
Тоолуу Бамиянда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жана 2001-жылы талибдер мурдагы бийлик учурунда жардырып жиберген эки чоң Будданын айкелинин калдыктары жайгашкан.