Бишкектеги окуя: Кыргызстан Пакистандан маалымат каражаттарына түшүндүрүү жүргүзүүнү суранды

Бүгүн, 18-майда Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Жолугушууда пакистандык тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды", - деп билдиришти министрликтен.

Ошону менен бирге Алмаз Имангазиев пакистандык элчиге кырдаал компетенттүү органдардын көзөмөлүндө экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан