Бишкек шаарында болгон нааразычылык акциясынан кийин борбор калаада окуп жаткан пакистандык студенттер видео кайрылуу жасашты.
Кайрылуусунда алар Кыргызстанда конок экенин айтышып, өздөрүн дагы коноктой алып жүрүүгө аракет кылып келишерин баса белгилешти.
"Ассалому алейкум, урматтуу кыргыз элим! Бардык пакистандыктардын атынан кайрылуу жасоону туура көрдүк жана бул жаңжал эмнеден башталганын айта кетели. Үч египеттик жаран кыргызстандыктар менен мушташты. Биз бул жакта студентпиз, окуганы келгенбиз. Бизде окуу-үй-окуу. Ооба, жаңы келген студенттер кээде чектен чыгып кетет. Биз аларга "Бул жерде конокпуз, коноктой жүрүшүбүз керек" деп эскертип келебиз. Бирок, биз пакистандыкпыз. Муну баштагандын баары египеттиктер", - деди кайрылуу жасаган пакистандык студент.
Ошондой эле алар жакындары Кыргызстандан алып кетебиз деп жатышканын, алар болсо окууларын бүтүргүсү келип жатканын айтышты.
"Бизди ата-энелерибиз алып кеткиси келип жатат, бирок биз окуубузду бүтүргүбүз келип жатат. Баса белгилей кетеличи, биз башка, алар башка өлкөнүн студенттери. Башкалардын катасына биз жооп бербейбиз да. Эгерде кимдир бирөө туура эмес иш кылса, аны мыйзам менен жазалаш керек. Бир адам үчүн бүт улут жооп бербейт да. Жаман улут жок, жаман адамдар болот. Кечээ бизге толтура адамдар келишти", - дешти алар.
Пакистандык студенттер сөзүнүн аягында мусулман калк экенин баса белгилеп, мушташпай тескерисинче бири-бирине колдоо көрсөтүү керектигин кошумчалашты.
"Кыргыздар биздин досторубуз, биз чогуу отуруп, чогуу тамактанабыз. Биз мусулманбыз. Тескерисинче, бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Мушташуу же башка жаман ишке баруу бул жакшы эмес", - деп жыйынтыкташты кайрылуусун алар.