"Полиция тосмо орнотуп". Исламабаддагы Кыргызстандын элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү (видео)

17-майдан 18-майга караган түнү Бишкекте пакистандык студенттерге кол салууга байланыштуу Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинин алдында нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу WE News басылмасы кабарлады.

"Митингчилер Кыргызстандын борборундагы чет элдик студенттерге, анын ичинде пакистандык студенттерге каршы зордук-зомбулукту айыпташты. Дипломаттарды коргоо үчүн элчиликтин аймагына кошумча полиция кызматкерлери келди. Полиция элчиликтин тегерегине тикенек зым менен тосмо орнотту", - деп жазды басылма.

"Кыргызстанда биздин элге кол салуу болуп жатат", - дешкен Исламабаддагы демонстранттар.

Ошол эле учурда Карачи шаарында да ушундай эле нааразылык акциялары болуп, демонстранттар жабыркаган пакистандык студенттер үчүн жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан