Пакистандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз элчисин чакыртты

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинин жетекчисин чакырып, Бишкектеги окуяны талкуулады. Бул тууралуу Dunya News агенттиги билдирди.

Анда "Пакистан бийлиги окуяга терең тынчсыздануусун билдирип, Пакистан өкмөтү өз жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстандын бийлиги менен дайыма байланышта экенин баса белгилеген" деп айтылат.

Ошондой эле Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги жабыркаган студенттер үчүн жана алардын ата-энелери менен байланышуу үчүн тез жардам телефонун ачканы айтылды.

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Төрт күндөн кийин, тагыраагы, 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.
Өз кезегинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү мушташка катышкан чет элдик студенттер кармалганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан