Дональд Трамп үчүнчү дүйнөлүк согуш 5 айдын ичинде башталышы мүмкүн экенин айтты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жакынкы беш айда азыркы америкалык жетекчиликтин компетентсиздигинен үчүнчү дүйнөлүк согуш башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Трамп Миннесота штатында тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Азыркы өлкөнү башкарып жаткандар ​​менен көп адамдар тирүү калбайт, анткени заманбап куралдын күчү коркунучтуу. Биз жакынкы беш айдын ичинде үчүнчү дүйнөлүк согушка кирип кетишибиз мүмкүн", - деген ал.

Трамп ноябрдагы шайлоодо жеңип чыкса, Украинадагы жаңжалды чечүүгө дагы бир жолу убада берди. Ал ошондой эле азыркы бийликке президент болгондо Украинадагы кырдаалдын чыгышына жол бербей тургандыгын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан