Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дарды Бишкекке жөнөтүүнү чечти. Бул тууралуу Radio Pakistan жазды.
Тышкы иштер министри менен бирге Кыргызстанга федералдык министр Амир Мукам дагы келет. Делегация бүгүн атайын рейс менен Бишкекке учары күтүлүүдө.
"Иш сапардын алкагында министр Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, жабыркаган студенттерге медициналык жардам көрсөтүү маселесин талкуулайт. Студенттердин мекенине аман-эсен кайтып келүүсү боюнча да маселелер каралат”, - деп жазылат маалыматта.