Пакистанга Бишкекте окуган студенттер отурган учак конду

Бишкектеги окуядан кийин өлөсүнө кетүүнү каалаган пакистандык студенттер Лахор шаарына конушту. Бул тууралуу Пакистандын WE news агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, студенттер Бишкекте калуудан кооптонуп, 18-майга караган түнү алардын алгачкы тобу Бишкектен учак менен учуп чыгышкан. Алар отурган учак Лахор шаарына конду.

"Кыргызстандын борбору Бишкектен пакистандык студенттердин биринчи партиясын ташыган атайын рейс өткөн түнү "Аллама Икбал" эл аралык аэропортуна конду", - деп жазды басылма.

Аларды Пакистандын Ички иштер министри өзү тосуп алган. Учакта канча студент болгону так белгисиз, мамлекеттик телеканалдар атайын репортаждарда 30, 140 жана 180 студент деп жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан