Эстрада ырчысы Кызсайкал Кабылова менен жолдошу уулдуу болушту. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Ырчы кечээ, 18-майда Бишкектеги төрөтканалардын биринде уул төрөгөн.
"Бардык энелерге таазим, кош келдиң уулум", - деп жазды ал.
Кызсайкал Кабылова январь айында кош бойлуу экенин ачыктап, сүрөттөрү менен бөлүшкөн.
Ырчы жолдошу менен 2022-жылы баш кошушкан.