Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш кайрылуу жасады

Бүгүн, 19-май күнү түштөн кийин жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"19-май күнү саат 12:00дөн тартып жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен батыштан соккон катуу шамал катталышы күтүлөт.
Урматтуу жарандар! Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан