
Бишкекте бүгүн, 19-майда Т.Усубалиев атындагы аянтта эртең менен эл аралык "ONE RUN-2024" жарым марафону башталды.
Жарым марафонго 1500гө жакын спортчу жана сергек жашоо образын сүйүүчүлөр катышты.
Алар 21,1, 10 жана 5 чакырым аралыкта чуркашты. Ошондой эле эң кичинекей катышуучулар үчүн 1 чакырым балдар жарышы өттү.
Спорттук иш-чаранын максаты - мүмкүн болушунча көп адамдарды активдүү, сергек жашоого тартуу жана калк арасында спортту жайылтуу болуп саналат.