Орусиядан Бишкекке учканы жаткан учак аэропорттун кызматкерин сүзүп кетти

Бишкекке учуп чыкканы жаткан "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагы Екатеринбург аэропортунда авиакомпаниянын кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

"Урал" авиалиниясына таандык А320 учагы Екатеринбург-Бишкек рейси менен учуу алдында алдыңкы шассиси менен учакты чыгаруучу техникти сүзүп алган", - деп айтылат маалыматта.

Ал оң бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жыйынтыгында каттам 3 жарым саат кечигип, 19-май күнү саат 09:39да учуп чыгып кеткен.

Транспорт прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан