Көңүл кош эмес кыргызстандыктар Бишкектеги соңку окуялардан улам коопсуздугу үчүн үйүнөн чыга албаган чет элдик студенттерге азык-түлүк алып барып жардам берип жатышат. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Анда Бишкектеги чет элдик студенттерге активисттер, блогерлер жана карапайым жарандар азык-түлүк жана тиричилик буюм түрүндөгү чакан гуманитардык жардамдарды уюштурушкан.
Буга чейин Пакистан менен Индиянын элчилиги Бишкектеги жарандарына акыркы окуялардан улам зарыл болбосо эшикке чыкпай турууну суранышкан.