Ирандын "Тез жардам" кызматынын тик учагы коюу тумандан улам Иран президентинин тик учагы менен чукул кырдаал болгон жерге коно алган жок. Бул тууралуу Ирандын IRNA агенттиги жазды.
"Бир тик учак да жөнөтүлгөн, бирок коюу тумандан улам коно алган эмес. Ал кайтып келүүгө аргасыз болду", - деп жазды ирандык агенттик.
Жерине кошумча 8 "Тез жардам" тобу жана 40 куткаруучулар тобу жөнөтүлгөн. Алар коюу туман жана рельефтин татаалдыгынан Ибрахим Раисинин тик учагы кулаган жерге жете элек.