Эдил Байсалов пакистандык студенттердин жатаканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин жатаканасына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жана Эл аралык университеттин президенти, Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев да болду.

Ага ылайык, Эдил Байсалов чогулган чет элдик студенттерге жана мугалимдерге айрым бейбаштар тарабынан жасалган иштери үчүн кечирим сурап, студенттер эки өлкө ортосундагы көпүрө экенин айтты.

Кээ бир жеке адамдардын бул аракеттери биздин меймандостук маданиятка жана салтка эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген.

Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту бекемдөө үчүн көпүрө болуп саналат. Социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар тарап жатат. Сиздердин ата-энеңиздер, жакындарыңыздар Кыргызстанда жашоо коопсуз экенин билиши керек", - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ошондой эле ал бир түндө болгон окуялар кыргыз элинин аларга болгон мамилесин чагылдырбай тургандыгын белгиледи.

"Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартат”, - деп кошумчалады Байсалов.

Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Төрт күндөн кийин, тагыраагы, 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан