Бакыт Төрөбаев менен Лю Гочжун кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлордун аткарылышы менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун "Алтынкен” кыргыз-кытай биргелешкен ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, "Алтынкен” ЖЧКнын жетекчилиги жана жамааты менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Анда ишкананын өнүгүү келечеги каралып, экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздукту, эмгекти коргоону так сактоо зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, “Талды-Булак Сол жээк” кенин иштетүү лицензиясынын ээси “Алтынкен” компаниясы. Компаниянын 40 пайыз акциясы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна, 60 пайызы кытайлык "Цзыцзинь" корпорациясына таандык.

Ага ылайык, Бакыт Төрөбаев менен Лю Гочжун Кытайдын грантынын эсебинен Кыргызстандагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун негизинде курулган борбор калаадагы жолдордун абалы менен таанышты.

"Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун 1-фазасында узундугу 95 чакырым жол оңдолсо, долбоордун 2-фазасында узундугу 70,9 чакырым жол реконструкцияланган. Булардын ичиндер тротуарлар, өтмө жол, ирригациялык тармактар жана көпүрөлөрдүн курулушу кирген", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу өткөн жылы долбоордун 3-фазасын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан