Ош шаарында селдин жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, техникалар тартылып, жеринде тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери иш алып барууда.
Ага ылайык, сел кесепеттерин жоюу иштерин Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов көзөмөлдөп жатат.
Белгилей кетсек, 18-майда катуу жааган жаандын кесепетинен Ош шаарында сел жүрүп, Геолог шаарчасындагы Достук кичи районунда 2, Чкалов көчөсүндө 1 үйдүн жертөлөсүн каптады.