Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны
Турат Жумаев Өзбекстанда өткөн эл аралык айтышта атайын сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу аталган театрдын социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
Жазылган маалыматка ылайык, төкмө акын Навои калаасында Айтеке бийдин 380 жылдыгына арналган эл аралык айтышка катышкан.
Сынакта Жумаев 14 миллион сум байгеси менен атайын сыйлыкка ээ болду.
Белгилей кетсек, аталган айтышка Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Каракалпакстандан 10 акын катышкан.