Куткаруучулар Ирандын президенти Ибрахим Раиси түшкөн тик учакка жетип барышты. Кырсыктан тик учак толугу менен күйүп, борттогу бардык жүргүнчүлөр каза болгон. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги билдирди.
Издөө иштерине Орусиядан келген куткаруучулар активдүү катышты. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Иранга 50гө жакын куткаруучуларын, эки учак жана бир тик учак жөнөттү.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-майда Ирандын президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында кулаган.